Алдамчылыкка шектелген блогер Гүлзат Мамытбектин иши сотто карала баштады

Бүгүн, 1-февралда блогер Гүлзат Мамытбектин биринчи соттук отуруму жүрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Гүлзат Мамытбектин алгачкы соттук отуруму саат 14:00дө башталган. Процесс ачык каралып жатат.

Эскерте кетсек, Гүлзат Мамытбек 2021-жылдын 25-октябрында алдамчылык фактысына шектелип кармалган. 27-октябрда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, 1 айга камакка алуу чечими тандалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан