Бишкекте бүгүн, 21-ноябрда Башкы прокуратуранын иликтөө
башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиев "Ахматбек Келдибеков убакыт
берүүнү сурап, көрсөтмө берүүдөн баш тартты” деп билдирди.
Анын айтымында, Ахматбек Келдибеков кармалганда, депутаттын адвокаты Азимбек
Бекназаров да болгон. Кечээ, 20-ноябрда Келдибеков прокуратуранын
башкармалыгына сурак берүү үчүн чакырылган. Мыйзам боюнча ал УКМКнын СИЗОсуна жеткирилген.
Депутат убакыт берүүнү сурап, көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.