Бүгүн, 21-ноябрда эртең менен саат 5.00дөн 7.00гө чейин Бишкек шаарынын жолдоруна 113 тонна кум, 8,5 тонна туз себилген. Бул туурасында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Марат Кутанов билдирди.
Маалыматка караганда, инерттүү материалдардын көпчүлүгү борборубуздун түштүк аймагына сарпталган. Ошондой эле 10 атайын техника ишке тартылган.