Бишкектин Свердлов районунун акимчилиги кайыр сурап, оор абалда калган балдарды аныктоо боюнча рейддерди үзгүлтүксүз өткөрүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаралар "Дордой", "Аламүдүн", "Мадина" жана башка базарларда, "Глобус", "Народный", "Фрунзе", ГУМ "Чынар", ЦУМ "Айчүрөк" соода түйүндөрүндө, Борбордук мечиттин жанындагы жана башка мечиттерде беш мобилдик топ тарабынан өткөрүлдү. Ошондой эле түнкү интернет клубдар, кафелер текшерилди. Жалпысынан 185 объект камтылды.
Жыйынтыгында 5 аял жана 9 бала, ошондой эле түнкүсүн чоң кишилердин коштоосу жок жүргөн кароосуз калган 7 бала аныкталды. Бардык аныкталган фактылар боюнча жашы жете элек балдардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдары өткөрүлүп берилди.