Ошто батирде калып калган 5 жашар кыз куткарылды

Ош шаарында батирде калып калган 5 жашар кыз куткарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, көп кабаттуу үйдөгү батирдин эшиги бекилип, кыз эшикти ача алган эмес.
Белгилүү болгондой, үй ээлери батирге кире албай жатканын, эшиги бекилип калганын айтып куткаруучуларга кайрылган. Батирде калган 5 жаштагы кыз эшиктин кулпусун өз алдынча ача алган эмес.
"Куткаруучулар бекилип калган эшикти атайын шаймандар менен ачып, кызды чоң апасына өткөрүп беришти. Бала медициналык жардамга муктаж эмес. Адистер баланын жакындары менен профилактикалык баарлашуу өткөрүп, баланы кароосуз калтырбоого чакырышты", - дешти маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан