Президенттин Баткен облусундагы өкүлү тажик тарапка кайрылуу жасады

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев тажик тарапка кайрылуу жасады. Ал коңшу өлкөгө чек ара аймагындагы кырдаалды курчутуучу билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга чакырды.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн белгилешкендей, мамлекеттик чек араны тактоо боюнча Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясы иш алып барууда.
"Ал эми эки республиканын чектеш жайгашкан Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери катары биздин милдетибиз - чек арада чыр-чатактарды болтурбоо жана алардын курчушуна жол бербөө, ошондой эле чек арага жакын аймактардын экономикасын өнүктүрүүгө күч-аракет жумшоо.
Чек араны аныктоодогу талаш-тартыштарды согуштук аракеттер менен чечүүгө болбой турганын, буга чейин болуп өткөн куралдуу жаңжалдар көрсөттү. Антпесек, чек арага жакын аймактарда жашаган элдин өмүрү, алардын келечеги жана балдарынын келечеги коркунучта.
Мен тажик тарапты Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасы мыйзамдуу түрдө такталганга чейин, чек ара аймагындагы кырдаалды курчутуучу билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырам", - дейт Абдикарим Алимбаев .
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sanjura
2022-02-01 21:20:44
Эң туура кадам.Колубузда рычаг бар экен эч нерседен коркпогон оң.Ворух анклав боюнча калыш керек-бул биз үчүн жакшы рычаг.Муну тажиктер жакшы билет,ошого алар жол салымыш болуп Ворухту бизден көз каранды кылып алыштын айласын кылып атат.
+11
Datka7777
2022-02-01 21:48:19
Кыргыз кишлак, Мургаб, Жерге Тал дагы кыргыз анклавы болуп калышы керек эле убагында
+9
CAPATAH
2022-02-02 00:29:28
Эммануельге кол бербей койгонуна бир баа бердим эле,негизи эркек киши экен.
+4
Alixan-Nookat.2015
2022-02-02 02:26:04
Абдикарим Карбекович кучтуу киши ар кимдин ушактарына ишенбей ушундай кишилерди колдошубуз керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан