Ички иштер министрлигинде мамлекеттик тил боюнча билим деңгээлин аныктаган сынактан ийгиликтүү өткөн кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды.
"Бүгүн, 1-февралда министрликтин медициналык башкармалыгында "Кыргызтест" мекемесинин мамлекеттик тилди билүү сынагынан ийгиликтүү өткөн кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды. Бул иш-чарага ИИМдин медициналык башкармалыгынын башчысы Индира Абдыгулова, министрликтин башкы штабынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы Айбек Орозакунов жана медициналык башкармалыктын кызматкерлери катышты.
Бүгүнкү күнгө карата медициналык башкармалыктын 33 кызматкери "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү сынагынан ийгиликтүү өттү", - дешти маалымат кызматынан.
Кызматкерлерди "Кыргызтест" сынагынан өткөрүү иштери дагы деле улантылууда деп кошумчалашат министрликтен.