1-февралдагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында "Тышкы видеобайкоо жөнүндөгү" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов белгилегендей, 2015-жылы кабыл алынган аталган мыйзам Бишкек жана Ош шаарларында гана тышкы видео байкоо системасын өнүктүрүүгө багытталган.
"Жаңы сунушталып жаткан түзөтүүлөргө ылайык, мыйзам долбоорун өлкөнүн башка аймактарына да жайылтуу каралууда. Натыйжада коомдук тартипти камсыздоого жана мыйзам бузуулардын алдын алууга шарт түзүлөт", - деди министрдин орун басары. Муну менен катар баяндамачы каржылык, материалдык-техникалык жана башка каражаттарга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан коомдук жайларга сырткы видеобайкоо тутумдарын орнотуу сунушталып жатканын кошумчалады.
Талкуу маалында депутат Алишер Эрбаев ыйгарым укуктуу органдын видеобайкоо системасын орнотууну ишке ашыруудагы жана өнүктүрүүдөгү жоопкерчилигине токтолуп, техникалык тейлөө маселеси тууралуу сөз кылды.
Ал эми депутат Искендер Матраимов "Коопсуз шаар" долбоору менен сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун айырмачылыгын сурады.
Өз кезегинде Октябрь Урмамбетов "Коопсуз шаар" долбоору жол кыймылындагы эреже бузууларды тартса, орнотулган тышкы видеокамералар коомдук жайлардагы тартип бузуулардын алдын алууга жана камсыздоого багытталганын белгиледи.
Талкуудан соң мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.