Токтогулда суунун деңгээли 8 миллиард куб көрсөткүчүнө түштү

Бүгүн, 2-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 995 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, суу сактагычка суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 152 метр куб, агып чыгышы 503 метр кубду түзүүдө.

Былтыр, 2021-жылдын 2-февралында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 615 миллион метр кубду түзгөн.

Буга чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаев Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6 миллиардга түшсө, кийинки жылга кыйынчылык жараларын айткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zam81
2022-02-02 10:20:00
Эми жайында дагы суу сатса кышта карангы отурабызбы
+2
Islam98
2022-02-02 11:47:44
Энендурайындар керек болсо Бакиевдин учурунда мындай болгон эмес.Токтогулда Суу калбай калды го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан