Баткенде жол кире акысы кымбаттады. Ким канча төлөйт?

Баткен шаарында кичи автобустардын жол акысы 15 сомго көтөрүлдү. Бул тууралуу Баткен мэриясына байланышканыбызда, маалым болду.

Маалыматка ылайык, мындай чечим шаардык кеңештин жыйынында кабыл алынды. Баанын көтөрүлүшүнө азыркы учурдагы күйүүчү майдын кымбатташы себеп болгон.

Окуучулар мурун 5 сомдон төлөшсө, эми 10 сомдон төлөшөт.

Белгилей кетсек, буга чейин жүргүнчүлөр кичи автобустарга 10 сомдон жол акы төлөп келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2022-02-02 21:09:45
Туура эле, Россияда 50рубль
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан