Айнура Орозбаева Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды
Айнура Орозбаева Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.