SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат. Бул жолу бизге өзүнүн кызыктуу баянын Октябрь райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №7 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн өрт өчүрүүчү-куткаруучусу Дастан Турдумамбетов айтып берет.

"1989-жылы Бишкек шаарында туулгам. Атам 2 жашымда жол кырсыгынан көз жумган. Бир эжем, бир карындашым бар. Апабыз маңдайыбызда аман-эсен. Үй-бүлөлүмүн, 3 жаштагы кызым бар. Бала кезден Голливуд тасмаларын көрүп, куткаруучу болууну самачумун. Андан сырткары оператор болуп, сценарий жазып, кино тартууга кызыкчумун. Ал кыялымды да ишке ашырып, теле жаатында бир канча убакыт түрдүү долбоорлордун үстүндө иштедим. Болбой эле куткаруучу болом деген бала кездеги кыялдарым жеңип, куткаруу тармагына ооп кеттим. Анткен менен кээде ырчылардын сунушу менен клиптерге тартылып коём. 2008-жылдан бери өрт өчүрүү кызматында иштеп келе жатам.

Аламүдүн-1 кичи районунда өрт чыкты деген маалымат түштү. Ыкчам топ менен барсак, 5 кабаттуу үйдүн 1-кабаты алоолонуп күйүп, жогорку кабаттагылар ылдый түшө албай калыптыр. 4 куткаруучу барып, адамдарды эвакуация кылып жаттык. Мен балкон менен төртүнчү кабатка чыксам, орус улутундагы 7 жаштагы бала үйүндө жалгыз экен. Аны ылдый алып түшүп келе жатканда “үйдө тотукушум” калды деп ыйлап кирди. Баланы кесиптештериме тапшырып, кайра 4-кабатка чыгып, тотукушун колуна карматкам. Ошондо 7 жаштагы бала мага аябай ыраазы болуп рахматын айткан. Биз ошондо куткарган жарандардын арасында 3 айлык наристе да болгон.

Иштен сырткары келинчегим менен унаада бара жаткам. Бир маалда Демио үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта менден оозуп өткөн. Ошондо бул эмне мынча катуу айдап жатат деп таң калгам. Бир аз жылгандан кийин эле Демио үлгүсүнөдөгү унаа бакты сүзгөнүн байкадым. Барсам айдоочусу эс-учун жоготкон абалда рулга жабышып, унаанын капоту күйүп баштаган экен. Тегерегине чогулгандар корккондуктан унаага жолой албай жатышыптыр. Мен унаанын капоту ачылбай калгандыктын үстүнө секирип капотту ачып, аккумуляторду ажыраттым. Ал эми айдоочуну коопсуздук курунан бошотуп, “Тез жардам” кызматкерлерине өткөрүп бергенбиз.

Кесиптешим экөөбүз иштен сырткары мен жашаган аймакта сүйлөшүп отурганбыз. Бир кезде 100 метр алыс жерде унаа күйүп жатканын байкадык. Топтошкон адамдар өрттү өчүрө албай бушайман болуп жатышыптыр. Кесиптешим экөөбүздө тажрыйба бар болгондуктан тез эле унааны өчүрүүгө аракет кылдык. Ал жерден кийиз таап күйүп жаткан унаанын капотун жаптык. Андан соң ага суу чачтык. Ошентип иштен сырткары унааны сактап калганбыз. Мындай учурлар көп кездешет.

Кырсык каш менен кабактын ортосунда эмеспи. Бир жолу өзүм өрт өчүрүүчү болуп туруп өз үйүмдү өрттөп жибере жаздагам. Бир жолу жумуштан аябай чарчап келдим. Үйдөн газга тамакты коюп, тамак жылыганча сыналгы көрүп турайын дегем. Ошол учурда көзүм илинип кетиптир. Бир маалда чочуп ойгонсом, үйдүн баарын түтүн каптап кетиптир. Ашканага чуркап барсам тамагым жалындап күйүп баштаптыр. Дароо газды өчүрүп, ным майлык менен табакты алып газды өчүрдүм. Ошентип өз үйүмдү өрттөп жибере жаздагам. Андан мурун өзүмдүн диск саткан кичинекей дүкөнүм бар болчу. Бир күнү жумушта жүрсөм, түндө кошуналарым дүкөндүн күйүп жатканын айтышты. Бирок өрт өчүрүүгө мен иштеген эмес, башка райондон куткаруучулар бармак. Аларга кабар бердим. Бирок өрт өчүрүүчүлөр барганча дүкөнүм күйүп кеткен.

Кээде аянычтуу окуялар да болот. Бир жолу түн ортосунда жер үйдөн чыккан өрттү өчүрүп баштасак, жанындагы кошуналар чуркап келип бул үйдө жалгыз адам жашай турганын айтышты. Өрттүн жалынын басып, үйгө издеп кирдик. Карасак ал киши таанылгыс болуп 100 пайыз күйүп кетиптир. Ошондо өлгөн кишини биринчи ирет көргөм. Күйүп жатканда билинбесе керек, күйгөн адамдын денесин сыртка алып чыкканда аябай жаман жыт тарайт экен. Ал ыш менен кошо кийимге сиңип кеткендиктен бөлүккө кайтып бара жатып айдоочубуз баш болуп баарыбыз кусканбыз. Кызыгы, ал кишинин мышыгы бир бурчта жашынып турган экен. Адамды эмес, мышыгын аман алып чыккам.

Биздин иштин канчалык кыйын экенин баары эле билсе керек. Кишинин өмүрүн сактап калсак сүйүнөбүз. Кээде кечирээк кабар берилгендиктен же жол тыгындарынан улам кечигип калабыз. Бир жолу үйдөн түтүн чыгып жатат деп чакырышкан. Барсак күйөөсү менен аялы уктап жатыптыр. Тамекинин чогу пластик курулуш материалдарына түшүп, ал түтөй берген. Чоң өрт болгон эмес. Уктап жаткан экөө пластиктен бөлүнгөн уулуу затка ууланып, уктап жаткан жеринен каза болуп калышкан", - деди ал.
