Бишкекте быйыл эки миңден ашык ийне жалбырактуу дарактар отургузулат. Бул тууралуу калаанын мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, учурда борбор калаанын багбандары Масалиев көчөсүн бойлото арчаларды отургузууда.
Буга чейин Курманжан Датка, Ч.Валиханов, Логвиненко, Орозбеков, Гагарин, ошондой эле Чүй жана Ч.Айтматов көчөлөрүндө кышкы көчөттөрдү отургузуу иштери аяктаган.