Ырчы Кызсайкал Кабылова апасынын туулган күнүндө ата-энесине Түркиянын Аланья шаарынан батир белек кылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялады.
"Бул жыл мен үчүн жакшы жылдардан болуп жатат. Бардыгы күтүүсүздөн болуп кетти. Үй белек кылуу такыр оюмда жок болчу. Ата-энеме Аланьядан ак өргөө белек кылдым. Бул менин эң чоң кыялдарымдын бири эле. Бүгүн ишке ашып отурат", - дейт Кызсайкал Кабылова.