Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Пакистандын тышкы иштер министри Махдум Шах Махмуд Куреши менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Ага ылайык, сүйлөшүүдө Руслан Казакбаев бүгүнкү күндө Ооганстан экономикалык, финансылык, гуманитардык жана энергетикалык татаал кризисти башынан өткөрүп жаткандыгын белгиледи жана ага байланыштуу буга чейин кабыл алынган резолюциянын алкагында ооган элине жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен аймактык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүнү сунуштады.
Ошондой эле министрлер эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн (2022-жылдын 10-майы) 30 жылдык мааракесин өткөрүү планын жигердүү талкуулап, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка багыттарда кызматташуунун «Жол картасын» биргеликте ишке ашырууну макулдашты.