Бишкекте маршруттук таксилер бетме-бет сүзүшкөн кырсык: Жабырлануучулардын бирине операция жасалат

Мындан бир апта мурда Бишкекте №130 жана №193 маршруттук таксилер бетме-бет сүзүшүп, анын кесепетинен 18 адам ооруканага кайрылган. Анын ичинен 6 жабырлануучу Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жатышкан. Бүгүнкү күнгө карата ооруканада 3 бейтап жатат.

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан кабарлашкандай, бейтаптардын абалы туруктуу. Алардын бирине операция жасалары күтүлүп жатат.

Эске салсак, 26-январда Элебесов менен Арал көчөлөрүнүн кесилишинен №130 менен №193 кичи автобустар сүзүшкөн. Анын кесепетинен 18 адам жабыркап, 17 киши Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилет. Анын ичинен 6 бейтап ооруканага жаткырылып, калгандары амбулатордук дарыланууга жиберилген. Дагы 1 жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан