
Жалал-Абадда баасы 3 миллион сомдон ашкан кыймылсыз мүлк мамлекеттин эсебине кайтарылды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Токтогул аймактык администрациясы кыймылсыз мүлктү жеке тарапка берип жиберген.
"Райондук прокуратура тарабынан Жер кодексинин талаптарын бузуу фактысы аныкталды. Тактап айтканда, Токтогул аймактык администрациясынын 2007-жылдагы токтому менен муниципалдык менчиктеги жалпы 0,24 гектарды ээлеген гараж Т.И. аттуу тургундун жеке менчигине өтүп кеткен.
Райондук прокуратуранын сотко келтирилген доо арызы менен 3 миллион 195 миң сомдук кыймылсыз мүлк мэриянын муниципалдык менчигине кайтарылды", - дешти маалымат кызматынан.