Эң көбү Сүйүшкөндөр күнүнө катталды. Өлкөдө кооз датада нике күбөлүгүн алган жана ала турган түгөйлөрдүн саны айтылды

Бүгүн, 2022-жылдын 2-февралы же 02.02.2022 деген дата. Мындай кооз датага маани берип, нике күбөлүгүн алып, түтүн булаткан түгөйлөр жок эмес. Алсак, Кыргыз өлкөсүндө бул күндө 9 түгөй никелешти.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, алдыдагы 22.02.2022 деген датада 95 түгөй никесин расмийлештирүү үчүн кезекке турушту. Ал эми 14.02.2022де же Сүйүшкөндөр күнүндө 177 түгөй баш кошууну пландап, каттоого кезекке туруп жатышканы маалым болду.
Аталган министрликтен белгилешкендей, никесин расмий каттаттуунун каалагандар алдын ала ЗАГСка (Калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо) кайрылуусу керек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан