Бүгүн, 2-февралда Жогорку Соттун төрагалык кызматына Замирбек Базарбеков 5 жылдык мөөнөткө дайындалды. Жаңы дайындалган жетекчинини өмүр баяны менен тааныштырабыз.
Туулган жылы: 14-декабрь, 1957-жыл;
Билими: Кыргыз улуттук университетинде окуган.
Эмгек ишмердүүлүгү
Орношкон жана бошогон жылы | Мекеменин, уюмдун, ишкананын аталышы | Ээлеген кызматы |
1990-1993-жылдары | Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук прокуратурасы; Ысык-Көл облустук прокуратура | тергөөчү
улук тергөөчү |
1993–1995-жылдары | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты | референт |
1995–1997-жылдары | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту | жарандардын даттануулары жана каттары бөлүмүнүн улук консультанты |
1997–2005-жылдары | Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту;
Ак-Суу райондук соту; Каракол шаардык соту |
судья;
төраганын орун басары |
2005–2006-жылдары | Ысык-Көл облустук адвокаттар коллегиясы | жактоочу |
2006-2016-жылдары | Балыкчы шаардык соту | судья,
соттун төрагасы |
2011-2014-жылдары | Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш | мүчөсү,
төрагасы |
2016-2020 | Чүй жактоочулар коллегиясы | жактоочу |
2020-жылдын 27-ноябрынан 16-декабрга чейин | Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясы | төрага |
2020-жылдын 16-декабрынан 2021-жылдын 2-июнуна чейин | Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясы | Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы |
2021-жылдын 2-июнунан тартып | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту | судья
|