
Президенттик администрация мамлекет башчысы катышат деп иш-чарага чакырып, андан ары көз боёмочулук жана акча талап кылган учурлар көбөйгөнүн, андыктан жарандарга шылуундардын торуна түшүп калбоону эскертишет.
"Урматтуу Кыргыз жарандары, акыркы убакта ар кандай кызматтык адамдардын атын жамынып, шылуундар жарандарга телефон чалып, президентинин катышуусунда делген иш-чараларга чакырып жатышат.
Андан ары ишенимге кирип, алдоо жолу менен акча талап кылышат. Жарандарды сак болуп, шылуундардын мындай аракеттерине алдырбоону жана мындай көрүнүштөргө туш болгондо укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз", - деп айтылат билдирүүдө.