Бүгүн, 2-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 995 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 152 метр куб, агып чыгышы 503 метр кубду түзүүдө.
Былтыр, 2021-жылдын 2-февралында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 615 миллион метр кубду түзгөн.