Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкекте 3, Чүйдө 1 бейтап коронавирустан көз жумду. Алар вакцина алышкан эмес.
Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2893 кишини түздү.