Улуттук госпиталда жакынкы күндөрү травматология бөлүмү ачылат

Улуттук госпиталда жакынкы күндөрү травматология бөлүмү ачылат. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Токтобай Маанаев билдирди.

Анын айтымында, оорукананын курамында 30 орундуу травматология бөлүмү ачылат. Учурда бөлүмдү ачуу боюнча буйрук даярдалып жатат.

"Мурун Улуттук госпиталда 6 травматология бөлүмү бар болчу. Бирок алардын баары жабылган. Азыркы кезде кайрадан бейтаптар үчүн травматология бөлүмүн калыбына келтирели деп жатабыз. Бизде тажрыйбалуу дарыгерлер жетиштүү.

Жол кырсыктарында адамдар сынык гана эмес, жарым-жартылай травмалар менен жабыркайт. Ошондой эле хирург, нейрохирург, офтальмологдордун жана башка адистердин консультациясы талап кылынарын да белгилегим келет. Координацияланган жана тез жардам көптөгөн бейтаптарыбыздын өмүрүн сактап калууга жардам берет. Ал эми диагностика үчүн биз жакында компьютердик томография жана ангиография аппараттарын алабыз", - деген Маанаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан