Сабырбек Жумабеков: "Иштен кет десе кетем, бирок мени менен кошо көп таланттуу дарыгерлер кетет"

Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков маалымат жыйын берүүдө. Анда министрдин ага карата дооматтарына жооп берди.

Министрдин дооматтары жеке инсандык таарыныч деп сыпаттады Жумабеков.

"Алты жылдан бери асылып келе жатат. Азыр да кайра-кайра текшерүүлөрдү жөнөтүүдө. Майда-чүйдө нерселер болот, албетте. Алардын жыйынтыгы менен эч бир олуттуу нерсе тапкан эмес. Текшерүүчүлөр өздөрү айтууда. Кайсы коррупция тууралуу айтып жатат билбейм. Ал эми жердештерин чогултуп алды дегени боюнча пайыз менен алганда, бул жерде иштеп жаткандардын 5-7 пайызы таластыктар. Азыр көп орундар бар, келишсе ала беребиз кимди болсо дагы", - дейт Жумабеков.

Андан сырткары эгер аны кызматтан кет деген буйрук чыкса кетүүгө даярдыгын айтты.

"Биз расмий жыйынтыкты күтөбүз. Эгер иштен кет деген чечим чыкса кетем. Бирок мен эле эмес, бул жердеги таланттуу дарыгерлер да мени кетирсе кетебиз деп айтышууда", - деди Жумабеков.

Кечээ саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кайрылуу жасап, "Жумабеков басып алган оорукананы элге кайтаруу керек" деген пикирин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Zynk
2022-02-03 11:13:16
Эмне дегени эми кошо ала кетем дегени !бу киши деле эл учун кызмат кылайын дебейт окшойт
+9
Artur99
2022-02-03 13:00:37
Zynk,бул кишини мен лично билем, карапайым элдерди карабайт. Акчасы Отто кымбайт айтат. Бул врач чиновниктерди,ырчы чоорчуларды, бизнемендерди, депутаттарды карайт. Бул врач карапайым эл жана акчасы барлар деп болот. Себеби бир Чон эле байке бир айылдан келсе, башка жакка алып баргыла, мен айтканга консонор операция кылабыз деген.
+8
alimbek94
2022-02-03 12:00:48
Азыркы министрдин күмөндүү реформасы саламматтык системасынын таш талканын чыгарат окшойт. Бул министр илимий чөйрө менен кеңешпей, эксперттердин оюн укпай эөе өзү билемдик кыла берет экен. Муну аягы жакшы болбойт. Эл сапаттуу медицинага муктаж болуп жатса, азыркы министр жеке амбициясы менен алек.
0
Munir81
2022-02-03 12:19:16
Тез кет
+7
Egizderim-baktim
2022-02-03 12:49:43
Не только Жумабеков общ эле кыргызда адамдар созду коп суйлоп ушакташып эле калышыптыр, ошо алкаш министрди алсын жумуштан темсендетип тантыратып суйлотуп чыгара беришпей, бул врач не только в Кыргызстанда коп жерге атагы чыккан врач, лично мен сыйлайм, конул бурбай ишинизди уланта бериниз
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан