"Министр, колуңду тарт!". Сабырбек Жумабековду колдогон дарыгерлер кайрылуу жасады

Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун жоюп, ордуна башка оорукана түзүүгө жана анын жетекчиси Сабырбек Жумабековду иштен кетирүүгө нааразы болгон аталган борбордун дарыгерлери жана кызматкерлери кайрылуу жасады.

Анда борбордун кызматкерлери топтолуп, алардын атынан бир нечеси кайрылуу кылышты.

Алар "Колуңду тарт биздин борбордон" деп кыйкырып турушту.

"Бул кайра түзүү эмес, бул бүлдүрүү. Бир нерсени жаратуу кыйын, бүлдүрүү оңой. Бул аракеттериңерди токтоткула. Эгер биздин талаптарыбыз аткарылбаса, радикалдуу аракеттерге барабыз", - деди дарыгер Жаныш Сулайманов.

"Биз президенттен суранабыз, сактап калыңыз. Анткени биз алдыга жылышыбыз керек", - деди дагы бир дарыгер Арстанбек Иманалиев.

Кечээ саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кайрылуу жасап, "Жумабеков басып алган оорукананы элге кайтаруу керек" деген пикирин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
assanov97
2022-02-03 11:47:37
Бут тааныштары
+6
alimbek94
2022-02-03 11:53:55
Садыр Жапаровтун тандаган министрлери бүт системаны талкалап жатышат.
-3
zam81
2022-02-03 12:06:57
Тууган уругу деп жатат эле чыгатта колдоп
+7
Sakubek
2022-02-03 12:34:47
Иштебейсиңерби пикетке чыкпай
+8
Aimani
2022-02-03 13:53:42
Булар пикетте жургондо оорулуулар эмне болду экен? Министр да кетиш керек. Жумабеков дагы кичине асмандан тушсо жакшы болмок
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан