
Бишкек шаарында 4 мектеп жана 3 бала бакча онлайн режимде окутуу форматына өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, №17, 26, 62, 88, 6, 18, 28, 70, 61, 48, 4,11,12,30,32,38,67,52, 33 мектептер кадимки режимде окутууга өткөрүлдү.
"Ошондой эле №104, 148, 161 бала бакчалар карантинге жабылды. Ленин районундагы №13, 9, Октябрь районундагы №14 жана Свердлов районундагы №1 мектеп онлайн режимде окуп жатат", - деп билдиришти мэриядан.
Эске салсак, буга чейин 24 мектеп карантинге алынып, онлайн түрдө окутуу форматына өткөрүлгөн.
Шаардык мэрия жарандарды аралыкты жана санитардык нормаларды сактоого чакырат.