Суусамыр өрөөнүнөн мергенчилер белгисиз жандыктын изин таап алышты. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бир нече адам өткөн дем алыш күндөрү Суусамырга карышкыр уулоого барышкан. Алар мергенчилер же браконьерлер өткөн жолдон алыс эмес жерде дүрбү аркылуу белгисиз жандыктын изин көрүшкөн. Алар жакындап барып, бир кадамдын аралыгы 2 метрден кем эмес изди байкашкан.
"Сыягы, издин ээси бизди көрүп, тик ылдый тарапка тез чегинди. Изди кууган жокпуз, токтоп калдык, сүрөткө тарттык.
Баарынан да кызыгы, адамдын жашаган жери жанагы изден 25 чакырым аралыкта болгон. Андан ары карышкырларды издеп баштадык. Ошол эле учурда кардагы издер кимдики экендиги бизди кызыктырбай койгон жок. Аңчылык учурунда карышкырларды кезиктирген жокпуз. 600-700 метр алыстыкта бир-эки түлкүнү көрдүк", - деди алардын бири.