Бүгүн, 3-февралда Кыргыз өлкөсүнүн Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2021-жылдагы ишинин жыйынтыктары жана 2022-жылга карата милдеттери туурасында маалыматтар айтылды.
"Былтыркы жылдын эсебинен биз мыйзам бузуулардын алдын алуу жана мыйзам бузууга жол бербөө аракетинде тийиштүү эскертмелерди бергенбиз. Жыйынтыктап айтканда, керектөөчүлөргө кайтарып берүүлөр 15 миллион 261 миң 539 сомду түздү. Өткөн жылы өзгөчө жарнама рыногунда жарнак мыйзамын сактоо боюнча бир топ иш-чараларды жүргүздүк. Анда 917 миллион 500 миң сом бюджетке чегерүүлөр болду. 2019-жылы айып пул салуулар 186 миң болсо, 2020-жылы 67500 болгон. Мындан тышкары "долларсыздандыруу" боюнча 408 миңге чейин айып пулдарды колдондук. Ошондой эле кээ бир жагдайда картаны туура эмес колдонгондорго ыкчам чараларды көрүп, айып пулдарды салдык.
Дагы бир багытыбыз бул - мамлекеттик акы төлөп кызмат көрсөтүүнү көзөмөлгө алуу. Башкача айтканда, бааларын макулдашып, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп турабыз. Буга ылайык, 2019-жылы 2516, 2020-жылы 1559 макулдашуу өткөн. Ал эми 2021-жылы 2624 мамлекеттик кызмат көрсөтүү органдарына баа түзүмдөрү боюнча макулдашуу жүргүзүлдү. Тарифтерди негизсиз кошкон чыгымдарды кыскартуу менен 2021-жылы 59 пайызга чейин кыскарттык. Бул керектөөчүгө 43 миллион сомго чейин таасирин берди.
Мындан тышкары азык-түлүк жана күйүүчү май рыногунда да иштерди жүргүздүк. Билгениңиздердей, былтыр эки жолу азык-түлүккө карата соода үстөгүн чектөө боюнча жөнгө салуу болгон. Ал жөнгө салуунун негизинде биздин керектөөчүлөр үч айдын ичинде кумшекер боюнча 81 миллион, өсүмдүк майы боюнча 600 миллионго чейин үнөмдөп алды. Азыркы учурда ири соода түйүндөрүндө кумшекердин баасы 65 сом 50 тыйын, ал эми базарда 70 сомду түзөт.
Ошондой эле көмүр рыногуна да жөнгө салуу кирип, 11-январда толук бүттү. Биз 18-январдан тарта жыйынтыктап, күн сайын мониторинг жүргүзүп жатабыз. Бүгүнкү күндө абал туруктуу. Мыйзам бузуулар жана жеке ишкердик субъектилер тарабынан көмүр рыногунда жалпысынан 197 учур катталды.
Ошол эле учурда күйүүчү май, сырттан келген товарларга чектөө, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелери боюнча бир топ иштерди жүргүздүк. Учурда экономика министрлигинин көмөгү астында көптөгөн мыйзамдарга өзгөртүү киргизип алдык", - деди Кеңешбай Тайлаков.
Ага улай эле 2022-жылы монополиялык деңгээлдеги субъектилерге текшерүүлөрдү камтып, ишкердикти колдоого көңүл бурарын кошумчалады.
Жыйынга Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков, табигый монополияларды жөнгө салуу жана үстөмдүк кылуучу субъекттерге мониторинг жүргүзүү башкармалыгынын башчысы Сыргак Оморов, атаандаштыкка жөндөмдүү товар рыногу жана социалдык маанидеги товарлар бөлүмүнүн башчысы Лариса Шустикова катышты.