Унаасына жасалма документтерди пайдаланып жүргөн жаран Токмок шаардык милициясына өткөрүп берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Чүй-Кемин бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Токмок шаарында өзүм билемдик менен унаасынын каттоо күбөлүгүнө жасалма жол менен кошумча шаймандарды тагып жүрүүгө уруксат деген өзгөчө белгини бастырып алган айдоочу аныкталды.
"Фольксваген-Пассат унаасын кайра каттоого барганда, анын каттоо күбөлүгүндө шектүү мөөр менен жасалма кол коюлганын Чүй-Кемин бөлүмүнүн кызматкери байкап калган. Андан соң алар Токмок шаардык милиция бөлүмүнө кайрылышкан. Учурда кылмыш ишинин чоо-жайын териштирүү процесси жүрүп жатат. Мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн айдоочу тергөө органына жеткирилди", - деп жазылат маалыматта.