Сабырбек Жумабеков Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун жоюп, анын ордуна шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүү боюнча аталган борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабеков маалымат жыйын берди.

Анда мамлекет башчысы Садыр Жапаровго кайрылып, борборду сактап калууну өтүндү.

"Урматтуу Садыр Нуркожоевич, мен илимпоз катары, академик, дарыгер катары, ушул мекеменин жетекчиси катары сизге кайрылам. Менин кол астымда 900 адам иштейт. Бир күндө 500 адам, жылына 14 миң адам дарыланат. Бул илимий борбор иштеши керек, өсүшү керек, мунун макамын керек болсо улуттук илимий борборго айлантыш керек. Азыр көрсөткөн долбоорду сизге дагы көрсөткөм. Кудай буюрса, февраль айында келип өзүңүз капсула салмаксыз. Ал эми министр аны токтотуп койдум деп жатат. Мен салдырбайм, мен кылдырбайм деп жатат. Мен себебин билбей жатам, урматтуу президент. Сиздин саясатыңызды колдойбуз, себеп дегенде сиз өзүңүздүн катышууңуз менен 20 миллион сом бөлдүртүп ушул долбоорду жасаттырдыңыз. Анан келип эле иш токтоп калганына түшүнбөй турам. Бул илимий борборду сактап калыңыз, иштетиңиз, өстүрүңүз. Эгер жеке мен сиздерге жолтоо болуп жатсам, мен бүгүн арыз жазып бергенге даярмын”, - деди Жумабеков.

Эскерте кетсек, буга чейин Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борбору жоюлуп, ордуна шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган. Бул аракетти саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталына “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп сыпаттаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Eka.kg
2022-02-03 13:25:22
Президент чоң тамга менен жазылат!
+2
make2
2022-02-03 15:29:22
Eka.kg,таза шайланып келсе
-1
JaneEr
2022-02-03 15:08:48
Жойбой эле жок кыла бербей оркундотуш керек негизи.Системаны озгортуп,кастинг мн ишке алыш керек...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан