Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын чек арасындагы Кара-Суу көзөмөл-өткөрүү пунктунда жүздөгөн жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болуп, чек арадан өтө албай турушат.
Маалыматка ылайык, трассада жүздөгөн жүк ташуучу унаалар кезек күтүп турушат.
Кыргыз өлкөсүнүн жүк ташуучу айдоочуларынын көз карандысыз профсоюзунун төрагасынын орун басары Игорь Голубев Казакстандын чек ара кызматы жүктөрдү текшерүү үчүн IDK – рентген аппаратынын бузулганын жарыялаганын билдирет. Ошондой эле ал ар бир унаа тыкыр текшерилип, ичиндегилерди текшерүү үчүн жүк сактоочу өтмөктөн өтүү талап кылынып жатканын маалымдаган.
Эске салсак, январь айынын ортосунда да аталган постто унаалардын тыгыны байкалган.