Бүгүн, 2-февралда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда журналисттер үчүн уюштурулган пресс-турдан кийин маалымат жыйын берди.
Маалымат жыйында министр Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборуна мас абалда келген деген сөз карандай калп экенин айтты.
"Мени саат 8де ичип алып келди деп айтыптыр. Ал жерде Жумабеков жок болчу, бирок 40ка жакын кол алдында иштеген кызматкерлери бар болчу. Эгер ошолордун бирөө "Бейшеналиев мас болуп келген" деп айтса, мен отставкага бүгүн кетем. Эми ал жөн эле каралай баштайт. Ал баарын сатып алышы мүмкүн, бирок эл бизди түшүнөт", - деди Бейшеналиев.
Эскерте кетсек, буга чейин Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борбору жоюлуп, ордуна шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган. Бул аракетти саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталына “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп сыпаттаган.
Андан кийин Сабырбек Жумабеков өзү билдирүү таратып, Алымкадыр Бейшеналиев мас абалында ар кайсыны айтканын билдирген.