Ош-Андижан облусунун спорт боюнча комитети кызматташуу жөнүндөгү меморандумга кол коюшту

Бүгүн, 3-февралда Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети расмий иш сапары менен Өзбекстандын Андижан шаарына барды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Андижан облусунун туризм жана спорт боюнча башкы башкармалыгы менен кызматташуу жөнүндөгү меморандумга кол коюлду.
Спорттун улуттук жана олимпиадалык түрлөрүн өнүктүрүү, биргелешкен машыгууларды, мелдештерди жана турнирлерди өткөрүү, спорттун ар кандай түрлөрү боюнча спортчулардын тажрыйба алмашуусу багытындагы кызматташтыкты өркүндөтүү иш-чаралары пландаштырылууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров менен Андижан облусунун туризм жана спорт боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, Андижан облусунун акиминин орун басары Азизбек Максумов спортту өнүктүрүү үчүн эки тараптуу байланыштарды чыңдоо келишимине келишти. Ошондой эле бир катар спорттук объектилерин кыдырып чыгышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан