Блогер Эртай Искаков жол эрежесин бузган милициянын кайгуул кызматкерлеринин өздөрүнө протокол түздүрдү

Бишкекте блогер Эртай Искаков кайгуул милиция кызматкерлеринин жол эрежесин бузган учурун видеого тартып, андан соң өздөрүнө протокол түздүрдү. Бул тууралуу ал өзүнүн ютуб баракчасына жарыялады.

Видеодо көрүнгөндөй, кайгуул милиция кызматкерлери Эртай Искаковду токтотуп, андан унаанын каттоо жөнүндөгү документин көрсөтүүсүн талап кылышкан. Алар "Бахус" аталышындагы рейддин алкагында текшерүү жүргүзүп жатканын айтып, рейд кагазын көрсөткөн. Андан соң айдоочулук күбөлүгүн сурап, спирт ичимдигин ичип-ичпегенин текшерүүгө аракет кылышкан.

Кийин блогер ошол эле кайгуул кызматкерлеринин артынан жол эрежесин бузган учурун видеого тартып, аларга барып айткан. Андан соң кайгуул кайгуул кызматкерлери өздөрүнө протокол түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zynk
2022-02-03 21:06:15
Ушу да жанылыкпы !
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан