Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданы ишканасында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Ага ылайык ат майданга Улан Чойбеков жетекчи болуп дайындалды. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашат.
"Бишкек шаарынын мэринин буйругу менен Улан Чойбеков "Ак-Кула ипподром" муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Ал 2019-2020-жылдары аталган ишкананын директорунун орун басары болуп иштеген. Жогорку юридикалык билими бар", - дешти маалымат кызматынан.