3-февралга карата 4 мектеп жана 3 бала бакча онлайн режиминде окуу үчүн карантинге алынды. Ал эми борбор калаанын 19 мектеби кадимки окуу режимине өттү.
Маалыматка ылайык, Ленин районундагы №9 жана 13-мектепте окууну улантууда: Октябрь районундагы №14чү жана №1-мектепте, Свердлов районундагы №1-мектепте.
№104чү, №148чи, №61 бала бакчалар карантинге жабылды.
Төмөнкү мектептер кадимки окуу режимине кайтып келишти:
- Октябрь району: 4 мектеп (№17, 26, 62, 88);
- Биринчи май району: 6 мектеп (№6, 18, 28, 70, 61, 48);
- Свердлов району: 8 мектеп (№4,11,12,30,32,38,67,52, 33).