"Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорунун II фазасынын алкагында канализациянын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын башында 1100 метр канализация түтүктөрү тартылган. Курулуш Ленская көчөсүн бойлой эки тилкеде: шаардык тазалоочу жайлардан Чоң Чүй каналына чейин жана Чоң Чүй каналынан Фучик көчөсүнө чейин параллелдүү жүргүзүлүүдө.
Шаардын түштүк-батыш тарабындагы социалдык объектилерди, жеке жана көп батирлүү үйлөрдү канализация түйүндөрүнө кошууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Долбоор боюнча канализациянын жалпы узундугу 11 чакырымды түзөт. Курулуш эл аралык уюмдардын насыялык жана гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.