
Чүй облусунун ЗИЛ тоо-лыжа базасындагы стелада
Чыңгыз Айтматовдун ысымы ката менен жазылган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы ЗИЛ тоо-лыжа базасына барган эс алуучулар кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун аты "е" тамгасы менен "Ченгиз" болуп жазылып калганын сүрөткө тартып алышкан. Ошондой эле алар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине нааразычылыгын билдиришкен.
Белгилей кетсек, 2019-жылы ошол эле лыжа базасында Орусиянын президенти Владимир Путиндин эстелиги орнотулган.