Бүгүн, 4-февралда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековду кызматынан бошоткон.
Дарыгер Жумабеков ооруканага барган журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып көзүнө жаш алды.
Анда ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, өлкө башчыдан акыркы чечимди күтөөрүн айтты.