Буга чейин Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Айнаш Токбаеванын кызы каржы пирамидасына шектелип жатканы туурасында маалыматтар тарады. Кийинчерээк Жогорку Соттун басма сөз кызматынан бул боюнча түшүндүрмө беришти.
"Жогоруда айтылган маалыматтарга байланыштуу Жогорку Сот Кыргыз Республикасынын Конституциясында күнөөсүздүк презумпциясы принциби бекем экенин белгилейт. Анын маңызы - адамдын күнөөсү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленет. Соттун өкүмү жок болсо шектүү күнөөсүз деп эсептелинерин белгилейт.
Анын үстүнө тергөө учурунда маалыматтарды жарыялоо күнөөсүздүк презумпция принцибин бузуп, ишти объективдүү иликтөөгө тоскоол болууда. Демек, иш иликтенип жатканын эске алганда А.Джусупова кылмыш жасады деген дооматты коюу эртелик кылат", - дешет маалымат кызматынан.