"Ар бир кыргыздын колдоо сөздөрүн сезип турам" дейт Пекин Олимп оюндарынын катышуучусу Максим Гордеев

Кытайдын "Пекин улуттук стадионунда" XXIV кышкы Олимпиада оюндары бүгүн, 4-февралда расмий түрдө ачылып, катышуучулар параддан өтүштү. Анда Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыга турган жалгыз спортчу Максим Гордеев желекти желбирете басты.

Параддан кийин спортчу мекендештерге, колдоп жаткандарга кайрылуу жасады.

"Мен желегибизди алып чыкканыма абдан кубанычтамын. Ар бир кыргыздын колдоо сөздөрүн сезип турам. Көргөн даярдыгым боюнча жүз пайыз күчүмдү жумшоого аракет кылам. Алга, Кыргызстан!", - дейт спортчу.

Ошондой эле спортчу бул тарыхый окуяга катышууга жардам бергендерге ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, XXIV кышкы Олимпиада оюндары 4-февралдан 20-февралга чейин Пекинде өтөт, кыргыз спортчусу Максим Гордеев 16-февралда мелдешке чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
BISHKEK-312
2022-02-04 23:54:57
Чу дегенде эле ыргыйсыңар
-3
XATSAN125
2022-02-05 04:51:50
BISHKEK-312,Ыргыса да барып жатат сен туалетке аран барсан керек геморойундан коркуп
+6
suban78
2022-02-05 05:12:15
XATSAN125,
0
suban78
2022-02-05 05:13:51
suban78,азамат. Зор жооп жаздын коро албагандарга.
+1
Jelezo
2022-02-05 01:12:22
Ийгилик коштосун
+6
Tyttty1990
2022-02-05 02:45:11
Жок дегенде барып бир пиала чай ичип келсең деле майли. Зато желек желбиреди ошого да рахмат
+7
URTI
2022-02-05 10:57:27
Тажкстандын спортчулары даже барбай калды. Так что азамат! Балким оомат келип, алдыңкы орундарга чыгат. Ийгилик гана каалап койбойлубу
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан