Бишкекте Сабырбек Жумабековду колдогондор митинг өткөрүүдө (фото)

Бүгүн, 5-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин астында белгилүү травматолог Сабырбек Жумабековдун кызматынан алынышына каршы жарандар митинг өткөрүүдө.

Митингге 300дөй адам катышып жатат. Алар Сабырбек Жумабековдун кызматынан алынышына каршылыгын билдиришүүдө. Митингге өлкөнүн аймактарынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар дагы келген.

Кечээ, 4-февралда өткөн маалымат жыйында министр Алымкадыр Бейшеналиев Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборуна директордун милдетин аткаруучу болуп Гулия Кожокматова дайындалганын айткан.

Андан кийин министрдин орун басары аталган ооруканага барганда Сабырбек Жумабеков киргизе албай турганын айтып, Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, президенттин гана чечимин күтөрүн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
erkegenje
2022-02-05 13:36:39
Уйат деген сезим олуп калыптырда каап
+10
alimbek94
2022-02-05 13:43:46
Азыркы министр реформа деген шылтоо менен баардык жерге өзүнүн "шайкаларын" бекитип жатат. Министр озунун мээсин реформа кылмайынча система онолбойт. Садырдын кадрлары онолбой койду. Жалан аялдарды жумуштан алып, эркектерге алмашытып жатат. Эн бир жаман корунуш
-7
nazira...
2022-02-05 13:52:45
Значить акча көп сураганы чын экен. Ушунча адам чакырыптыр даже клиенттерин да, канчадан берди экен колдоруна. Частный ачып отурса мамлекеттин акчасын, наамдарды ала албай калам деп жатат окшойт. Болду да ошончо жыл отуруптур калганын башка жерде уланта берсин да.
+6
Gulina00
2022-02-05 14:36:12
Алкымы чон акчаны коп сурайт,бизге окшогондор барса карап да койбойт,Бир нерсе болсо тууган уругун чогултуп митинг кыла коюшат.Жапаров кууп чыкса экен элге иштеген,карапайым адамдардын чонтогуно карап иштеген адам келсин.
+4
BISHKEK-312
2022-02-05 14:47:32
Акчаны төлөп өллө чакырыптырда!!!
+2
aiba.
2022-02-05 15:19:53
Акчага азгырылган айбандар онолбой койдунарго митингке чыгып байыбайсынар
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан