Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова бүгүн, 5-февралда зордук-зомбулукка кабылып, Сокулуктагы жалпы медициналык практика борборуна жаткырылган наристеден кабар алды. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, аталган борборго Чүй облусунун губарнаторунун орун басары Светлана Волкова, Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев, Сокулук райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышкан.
Жолугушууда Жыпариса Рысбекова баланын ден соолугунун абалы менен таанышып, дарылоочу дарыгер менен баарлашып, баланын атасынын пикирин угуп, ал жагдай боюнча айтып берди.
Бул факты Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына катталып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
"Бардык тиешелүү кызматтарга Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жободо каралган ыйгарым укуктарга ылайык, Жыпариса Рысбекованын ыйгарым укуктарынын чегинде тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, үй-бүлөнү социалдык жактан колдоого алуу боюнча иштерди тез арада уюштуруу тапшырылды", - деп жазылат билдирүүдө.
Наристеге президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү жана Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан бардык керектүү жардамдар көрсөтүлөт.
Ошол эле учурда бул маселе балдар иштери боюнча комиссияда каралат.
Эскерте кетсек, Чүй облусунун Сокулук районунда денесинен жаракат алган эки жашар бала аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кийинчерээк бала палатага которулганы, аны атасынын иш берүүчүсү сабаганы кабарланды.