Бүгүн, 5-февралда Бишкектеги Саламаттыкты сактоо министрлигинин астында белгилүү травматолог Сабырбек Жумабековду колдогондор митингге чыкты.
Митингге чыккандардын алдына Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү чыгып, ооруканада катуу ооруп жаткандар бар экенин айтып, митингчилерден тынчыраак болуусун суранганда, анын колунан микрофонду тартып алышып, өзүн кетирип жиберишти.
Учурда митинг уланууда.