Жумабековду колдоо митинги: Митингдин катышуучулары резолюция түзүштү

Бүгүн, 5-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына чыккан митингчилер президент Садыр Жапаровго кайрылып, Сабырбек Жумабековдун ордунда калуусун, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкага кетүүсүн талап кылуу менен резолюция түзүштү.

Резолюцияга ылайык, Бишкектеги Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун мыйзамсыз шаардык Тез жардам клиникалык ооруканага өзгөртүүнүн токтотулуусу;

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Травмотология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун директору, академик Сабырбек Артисбекович Жумабековду өз ордунда калтырылуусу;

Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун өзгөртүүсүз калтыруу.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ээлеген ордунан алынуусу талап кылынды.

Митингге болжол менен 500гө жакын адам чыкты. Арасында маданият өкүлдөрү да бар. Жыйынтыгында митингге келген аксакалдын бата берүүсү менен акцияга чыккандар тарашты.

Кечээ, 4-февралда өткөн маалымат жыйында министр Алымкадыр Бейшеналиев Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборуна директордун милдетин аткаруучу болуп Гулия Кожокматова дайындалганын айткан.

Андан соң министрдин орун басары аталган ооруканага барганда Сабырбек Жумабеков киргизе албай турганын айтып, Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, президенттин гана чечимин күтөрүн айткан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Asmat84
2022-02-05 17:26:57
Аконит,
+1
bek.94
2022-02-05 17:31:08
Жалаң байлар акча жеп жыргап жүрө берсинби өзгөрбөй
+17
Kuban-1207
2022-02-05 17:39:49
Сабырбек Жумабеков кетсин чоң коррупционер
+15
Fernando_Torres
2022-02-05 17:50:28
Сабырбек өзү чоң корупциянер жалаң эле байларды карайт жөнөкөй адам барса карабайт дагы акчаны карап калган бирдиктүү реформа кылуу керек экөөнү тең жок кылып жөнөкөй кумурска оруса ошону дарылай тургандай болсун
+14
make2
2022-02-05 18:00:42
Акониттин доору бу́тту
0
aliya-leyla
2022-02-05 18:10:10
бизде бардык маселени митинг менен чечип калышты го, окунучтуу
+11
modem4999
2022-02-05 18:17:00
Митингдин баркын кетиришти
+14
Gulina00
2022-02-05 19:05:19
Балээ басты буларды Сабыр кетсин иштей турган адам келсин.
+13
zam81
2022-02-05 19:53:52
Акчага чыгыштыда эртен бири бирин тааныбай калышат
+6
ruslanz
2022-02-05 20:06:40
Майлуу суттуу орундан кеткинер келбей атабы. Жаны кейип ооруп турган адамдардан олчойгон акчаларды аласынар. Митингке жумшагыла, кайра таап аласынар да, уяты жоктор.
+9
Zynk
2022-02-05 22:11:43
Карапайым эл курал болуп эле журо берет экен да!
+5
alym21
2022-02-06 07:41:17
Алымкадыр да,Сабырбек да экоосу тен кетсин.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан