Стамбулда Түрк жараны тарабынан моюну кесилген кыргыз кызы: Министрлик бул ишти көзөмөлүнө алды

Стамбул шаарындагы мейманканада Түрк жараны тарабынан моюну кесилген кыргыз кызынын ишин Тышкы иштер министрлиги өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Азыркы учурда тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүп, сот тарабынан шектелген Түрк жараны К.Т.га Түркиядан чыгууга убактылуу тыюу салынып, үй камагына алынды.

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу жагдайды көзөмөлгө алып, Кыргыз жаранынын кызыкчылыгын коргоо үчүн Стамбул шаарынын тийиштүү органдары жана сот өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, иш-чараларды өткөрүүдө", - деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, 30-январь күнү Түркиянын Стамбул шаарында Түрк жараны ага турмушка чыгуудан баш тарткан кыргыз кыздын моюнун жана жүзүн кескилеп салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Sajakat14
2022-02-05 18:32:01
Кудайдан жетсин мыкаачыга!
0
XATSAN125
2022-02-05 20:39:26
Кана жанакы турк учун митинге чыккандар ошолорду жонотуш керек баргыла жардам бергиле деп
+2
Sajakat14
2022-02-05 21:18:31
XATSAN125,төө десе бээ дебечи! Мыкаачы, кылмышкерлер улут тааныбайт! Андайлар кыргыздардын арасында дагы бар!
+8
BISHKEK-312
2022-02-05 20:58:06
Түрктөрдүнда жиндиси көпта!!!
+5
Gulina00
2022-02-05 21:21:53
Бул турктор катын десе олуп берет экен,памирликтер жолдо калат,мыкаачы.
+8
Fernando_Torres
2022-02-05 22:11:34
Gulina00,катын эмес силерди алмак беле пайдаланыш үчүн эле жүрөт ыйман наракта болбосо бери жактан нары жагынарга киргизе албайт Ош үчүн ыйманга бек болуп өз элине кайткыла боордоштор Африкада болсоң да өз жерин өз элине кайт пайгамбарыбыз дагы өз жерине кайтып барган
-1
Baha.Kyrgyzstan
2022-02-05 22:16:00
Көзөмөлгө алганы жакшы.Өзүбүздө эсин оодара тепкендерди дагы көзөмөлгө алып койсо жакшы болмок.
+1
portugalia
2022-02-05 23:56:19
Мейманканада бышырып коюптур беле?
+8
Datka7777
2022-02-06 03:43:05
Гостиница барса итерет да турк аяп коёбу
+6
alym21
2022-02-06 07:37:20
Кылмышкер жазасын алсын.
+2
bond0202
2022-02-06 09:50:53
Россиядан болунун туркторго кошулабыз дегендер коруп алгыла.турктор эч жакшылык кылбайт кыргыздарга
+2
Medina87
2022-02-06 10:03:59
ТИМ ушуга окшогон маселелерге киришип ЭЛ АРАЛЫК ДЕНГЭЭЛДЕ Авторитетин тушурбой эле койсо болмок, менин жеке оюм!
Ал кыз раз Гостиницага бардыбы оз маселесин ОЗУ чечсин!!
+1
Birimdik5555
2022-02-06 11:35:01
Аныгын билбей жазбагыла да балким гостиницада иштейтдир горничная болуп
0
Mister-XXX
2022-02-08 02:49:12
Саяк жүрсөн таяк жейсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан