Индонезияда 12 жылга эркинен ажыратылган Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келди

2010-жылы Индонезиянын Бандунг шаарындагы аэропортто тыюу салынган заттарды сактагандыгы үчүн кармалып, акыры Индонезиянын Жогорку Соту тарабынан 12 жылга эркинен ажыратылган Кыргыз жараны Ж.С. өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

"Элчилик Индонезиянын тиешелүү органдары жана аталган Кыргыз жараны менен тыгыз байланышта болгон. Анын жыйынтыгы менен 2019-жылы Ж.С. 2022-жылдын 22-январына чейин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга өзгөртүлгөн.

Шарттуу түрдө бошотуу мөөнөтү аяктагандан кийин элчилик тарабынан Индонезиянын компетенттүү органдары менен биргеликте Ж.С.ны Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө керектүү документтер даярдалган", - деп билдиришти министрликтен.

Тийиштүү иштердин жыйынтыгында, Кыргыз жараны Ж.С. 2022-жылдын 31-январында Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлүп, 2022-жылдын 2-февралында мекенине кайтып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Zhoro
2022-02-06 11:57:03
2021-жылдын 31-январында...
(2022 31-январ эми келет)
-9
Belek1710
2022-02-06 12:23:19
Zhoro,Бүгүн канчасы?
+6
patriot.kg94
2022-02-06 13:14:07
Zhoro,сен уктап калыпсын Январь давно буткон азыр февраль
+9
Batken-i-love-you
2022-02-06 15:24:21
Zhoro,Сен бир жыл уктап турган окшойсуң.Азыр 2022-жылдын февраль айына келдик уже тууган.
+6
Danysh1
2022-02-07 09:55:25
Zhoro, чарчапсын досум жумушун оор окшойт э
0
bond02
2022-02-06 12:20:30
Кыргыз кыз беле? Наркотик менен подстава болуп кармалган.
+9
ainura220888
2022-02-06 14:44:23
bond02,ал кытайда смертный казнь на пожизненное заключениеге алмаштырылып отурат болуш керек. Бул дагы жакшы бешенеси бар экен 12 жыл отту мына келди мекенине. Тиги кыз эмне болот десен
+2
Nuuman
2022-02-06 15:13:27
ainura220888, кыиайдагы башка. Бул Жибек Деген кыз.болсо керек эле
+2
jigit.paren
2022-02-06 15:27:29
Nuuman, ооба туура айтасыз ошол болушу керек мисс болду беле жаңылбасам
+2
Datka7777
2022-02-06 17:14:48
Аты жонун толук эле жазбайсынарбы? Соттун окуму чыгып, отуруп келди да. Шектуу болсо экен жашырсанар. Башка адамдарга да сабак болот эле
+2
KaGaH
2022-02-06 17:37:49
2010 кармалган Индонезиянын аеропорттунда,эл аралык наркотик ташыган топтун тузагына түшүп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан