Кечээ, 5-февралда Акыйкатчы институтунун жетекчиси Аскат Азарбеков Сокулуктагы жалпы дарыгерлик практика клиникасына барып, зомбулукка кабылып, дене бою көк ала болгон 2 жаштагы наристеден кабар алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Баланын атасы 1997-жылы туулган К.Н менен сүйлөшүүдөн белгилүү болгондой, Шопоков шаарынын тургуну, жумуш берүүчү 34 жаштагы С.А. наристени дайыма уруп-согуп келген. Ал гана эмес наристенин атасын бир нече жолу сабаган. Мындай мазактоолордун себебин ал өзүнүн жумуш берүүчүгө карыз болуп калганы менен түшүндүргөн. Карыздын айынан наристенин үй-бүлөсү кулчулукта калган.
"Жабыркаган баланын атасы Акыйкатчы институтуна жазуу жүзүндө арыз менен кайрылды. Арыздан белгилүү болгондой, жумуш берүүчү С.А. колунда аёосуз мамилеге дуушар болгон башка да адамдар, алардын ичинде өспүрүм да бар", - деп билдиришти Акыйкатчы институтунан.
Акыйкатчы институтунун мандатына ылайык, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тергөөнүн жүрүшүнө кийлигишпейт, ал эми башка аныкталган көйгөйлөр боюнча, атап айтканда анын эки баласын документтештирүүдө (туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга) жана баланын атасынын өзүнүн документтерин калыбына келтирүүдө укуктук жардам көрсөтүшөт.
Ошондой эле Аскат Азарбеков жабыркаган баланын 21 жаштагы апасы менен дагы сүйлөшкөн. Баланын апасы өз уулуна жумуш берүүчү С.А. тарабынан зомбулук болгонун моюнга алган эмес. Ал наристенин атасы менен эмес, шектүү С.А менен жашайт.
Эскерте кетсек, Чүй облусунун Сокулук районунда денесинен жаракат алган эки жашар бала аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кийинчерээк бала палатага которулганы, аны атасынын иш берүүчүсү сабаганы кабарланды.