Буга чейин Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында жайгашкан пансионаттагы коттедж толугу менен күйүп кеткени кабарланган. Аталган жай саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уулуна таандык. Бул туурасында министрдин өзү менен кабарлашканыбызда белгилүү болду.
"Ооба, коттедж уулума таандык. Мурдагы күнү эле айдоочум менен барып келгенбиз. Эртеси күнү өрт чыкты. Эми мындан трагедия кылуунун кажети жок. Өрт чыкты, болду. Мен өрт электр тогунун кыска туташуусунан эле болгон деп жатам", - деди министр.
6-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Чок-Тал айылында жайгашкан "Париж" пансионатындагы 300 чарчы метр аянттагы коттеджден өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок экени белгиленген.