Бүгүн, 8-февралда Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 2 282 үй-бүлөгө бир мүшөктөн ун берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аз камсыз болгон 2282 үй-бүлө шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында жана шаардагы аймактык башкармалыктарында каттоодо турган.
Ундар Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан берилди.
Белгилей кетсек, аталган фонд тарабынан Жалал-Абад облусу боюнча каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жалпы 3 миң тоннадан ашык ун таратылат.